www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент «кемеси» кайда барат?

Алдыда парламенттик шайлоо. Негизи эле Кыргызстандагы ар бир өткөн парламентке болгон шайлоонун артында калдайган, тарыхкка жазылып калган чоң окуялар турат. Артка, алгачкысына кылчайып карайлы да.

1991-жыл. «Легендарлуу» деп аталып калган парламент. Анда чындап эле мыкты парламенттик корпус куралган. Дал ушунун натыйжасында башкы бийлик күчтүү парламентинен, анын курамындагы күчтүү адамдардан чочуган.

Акыры айланасындагы бекем көз карашы жок кошоматчыларынын акыл калчоосуна багыныппы, айтор элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алпурушкан парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатып тынды. Суроо туулат.

Эмнеге мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан парламент душмандардай таркатылды? Бул туурасында ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери М.Шеримкуловдун айтканы эске келет.

Анда ал киши парламенттин жасалма жол менен жоюлганы туурасында негизки эки себебин белгилеген эле. Биринчиси: өтө чоң мандем жараткан «Камеко» деген компанияга Кумтөрдү берүү. Республиканын алтын коруна жоопкерчиликсиз мамиле кылуу.

Экинчиси: өлкөгө агылып келген кредиттер, менчиктештирүүлөр өтө эле көп мыйзам бузуулар менен коштолгон. Жогорку Кеңеш ушул эки маселе боюнча коммиссия түзүп, андагы жосунсуз жоруктарды аныктап чыканын айтат. «Ушунун баары 1994-жылы күзгү сессияда ачыкка чыкмак. Акаевди мына ушулар чочуткан» дейт экс-төрага.

Ошентип, «легендарлуу» парламент тарагандан көп өтпөй 1996-жылдын 10-февралында өткөн референдумдун негизинде Кыргызстан супер президенттик өлкөгө, ал эми элдин бийик трибунасы болгон парламент болсо «канаттары кыркылып» далай укуктарынан ажырап, жөн гана мыйзам чыгаруучу органга айланып калды.

Кудум азыркы учурдагы Баш мыйзам сындуу. Ошондон тарта бийлик кумарына «мас» болгон кудуреттер күчөп, өлкөдө саясий климат өзгөрдү. Кийин элдин чыдамы жарылып акыры март ыңклабы болду. Ошондон тарта ар бир парламенттик шайлоо эгемен тарыхыбызга ар кандай окуялары менен жазылып келет.

Айткандай, азыркы Баш мыйзам менен алып караганда болочок парламент «жулмаланган тооктой» болуп калса да депутаттык мандатка жетүүнү каалагандар жагынан быйыл рекорд коюлуп жатат.

Мындан туура бир жыл мурун килейген даражасы бар 120 орундуу корпуска 16 партия катышса, азыр, жалпыбызга маалым болгондой, 54 орун үчүн 75 партия жулунуп баратат. 36 орун үчүн бир мандатуу чөлкөмдөрдөн депутат болууну каалагандардын каалоолору да улам барган сайын күч алып бараткан кез.

Андагы талапкер болгон кээ бир ФИОлорду карап алып баш чайкайсыз дегендей. Партиялардын талапкерлеринин тизмелери жарыяланганда жана бир жолу «ух-хх!» же «ах!» дээриңиз турган иш.

Кыскасы, кызыктар улам жакындап келатат. Ушундан улам элдин эң бийик кеңешүүчү жайы болгон Жогорку Кеңешке кимдер бара жатат? Эмне болуп жатат?

Ушул жана башка шайлоо окуяларынын айланасындагы кызыктуу маалыматтарды берип турмакчыбыз. Андыктан, назарыңызды NazarNewsтан оолактатпаңыз, окурман!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости