www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда баатырлар көп болсо башка улуттун өкүлдөрү титулдук калкка ылжыңдамак эмес. Рысбек, Баямандар тирүү болгондо 2010-жылдагы Ош жаңжалы да болмок эмес беле, балким бийлик да алмашмак эместир.

Кыргызда жүрөгүндө оту бар, жүрөгү кыргыз деп соккон жигиттер болгон. Рысбек Акматбаев да жок, иниси парламент депутаты Тынчтыкбек Акматбаев да жок. 2021-жылдын 4-октябрында Чолпон-Ата шаарында чоң трагедия болду. Lexus RX 300 катуу айдап баратып Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев менен апасы Сабира Соодалиевалар кырсыктан каза болушту. Ыйманы саламатта болсун!

«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши», – деген сөз Рысбек Акматбаевге карата жазылгандай. Анын атагы убагында биздин мамлекетти гана эмес, кошуна-колоңдорду да дүңгүрөтүп турду. Рысбек Акматбаевдин көзү өткөн соң артынан жакшы-жаман сөздөр айтылды. Жакшы сөздү карапайым эл айтты. Эл жакшы адамы менен ажырашкысы келбейт. Семетейди ажалга бергиси келбей кайып кылган эл, ушул күнгө чейин Рысбек Акматбаевди да тирүү деп эсептешет.

Ал эми кокосуна чейин элдин мүлкүн миллиондоп ашап, байлык менен бийликке жеткен ач көздөр Рысбек Акматбаевдин артынан не деген ушактарды айтпады. Рысбек эл мүлкүн мүлжүгөндөрдү жек көрүп, кыргызга адилеттүүлүктү орноткусу келген. Ошол үчүн карапайым эл аны туу кылып көтөргүсү келген. Ал эми мансабына көпкөн көпөстөр менен буржуйлар Рысбек Акматбаевдин жигиттеринин  алдына чөгөлөп келишкен. Бөтөнчө кыргызды чет элдик криминал каптап киргенде Акаевдик чиновниктер аялдарынын этегине баштарын катып, кол көтөрүп беришкен. Бир гана Рысбек Акматбаев туруштук берип, аларды кубалап чыккан, ал улуттук баатырга татыктуу.

Ал 2005– жылдын күзүндө шейит болгон иниси Тынчтыкбек үчүн адилеттүүлүктү талап кылып, Ак үйдү эл менен келип ороп калды. Премьер баш болуп, спикер төш болуп, министрлер шымдарын булгап калса, коркуп калтыраган премьер-министр асынып өлөм деп жип издеп калган. Рысбек бийликке каршы күрөш баштап, премьердин эсин эки кетирип, президентти сойлоп келүүгө аргасыз кылган. Рысбек Акматбаев кыргыз элине адилеттүүлүк орнотом деп парламентке келатып, канкор замандын курмандыгы болду. 

Бийликке акаарат айтмак түгүл кээ бир көшөкөрлөнгөн кошоматчылар «эл баатыры» наамын алып отурушуп, анын тарпын чыгарышты. Чыныгы элдик баатырга наамды элди соргон президент эмес, эл берет. Рысбек жүрөгү менен эл деген элдик баатыр. Өткөндө бир бийликтин жугундусуна тойгон мансапкор: «Рысбек катта криминал болгон аа?» – дейт. «Эй, эмне деп атасың, Рысбек тирүү, жакында адилеттүүлүктү орнотуш үчүн келет», – десек, төбө чачы тик туруп, Рысбекти – баатыр деп мактап кирсе болобу. Балким Рысбек тирүүдүр, көзү өткөн күндө да кыргыз эли аны тирүү катары сезет.

Кыргыз чиновнигинин көзү өтүп, аркы дүйнөнүн дарбазасынан өтөйүн деп баратса, дарбазанын алдында айбалтасын курчутуп Рысбек отурат бекен. Чиновниктин жүрөгү оозуна тыгылып, калтырап калат. "Өтө бер, мен башка адамды күтүп отурам", – деген имиш Рысбек. Бул эл оозундагы сөз...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости