www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) "Пандора таржымалы" деп аталган материал жарыялады, анда - офшор схемаларына тиешеси болушу мүмкүн болгон дүйнөлүк лидерлер тууралуу айтылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазат.

Офшордук компаниялар жана алардын чыныгы пайда табуучулары тууралуу чет-жакасы белгилүү болгон маалыматтан алынып, жасалган. Анда мындай "эң бай" тизме тарыхта биринчи ирет калкып чыкканы айтылууда. Бир жыл мурда анонимдүү маалымат булагынан ICIJ уюмунун колуна ар башка өлкөдөгү 14 офшордук ишкананын ички документтери тийген.

Бул иликтөөнүн авторлору аны финансылык жашыруун маалыматтардын бетин ачкан эң чоң эмгек экендигин айтылат. ICIJ уюму жарыялаган материалдын ичинде 117 өлкөдөн 600дөн ашык маалымат бар экени белгиленди. Материал 11,9 миллион файлдан турат.

Иликтөөдө мурда өз мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул башка аткаминер туурасында айтылган. Бир том адам - Орусиялык жарандар.

Алардын арасында Украина президенти Владимир Зеленскийдин, Иордания падышасы Абдулла Экинчинин, Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин, Чехия премьер-министри Андрей Бабиштин, британиялык мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымдары да бар.

ICIJ жакынкы мезгилде дагы жаңы ысымдар ачыкка чыгаарын четке каккан жок. "Биз документтерди жарыялоону улантуу ниетиндебиз. Муну кийинки күндөрдө, айларда, ал тургай жылдарда да жасайбыз", — дейт ICIJ өкүлү РИА Новости менен болгон маегинде.

Ал 12 миллион документти окуп чыгууга туура келээрин кошумчалаган. Бирок муну менен катар ICIJ иликтөөдө өтө белгилүү жаңы ысымдар да айтылаарын, алардын ичинде дүйнө лидерлери жана бир катар мамлекеттин жогорку кызматтагы аткаминерлери бар экендигин билдирген.

"Бардыгы биз эмнени аныктаганыбызга жараша болот. Бизге бул 35 кишини (мамлекет башчыларын) таап чыгууга эки жыл кетти, кыязы, дагы бир нерселерди билип иликтеп чыгат окшойбуз, баарын жарыялайбыз", — деген ал.

2016-жылы консорциум Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын "Панама документтерин" коомго алып чыккан. Компания болсо ал кагаздарды тааныбай, журналисттердин бул кадамын "кылмыш" деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости