www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталганын жарыялады.
Сыйлыктын негизги максаты – жаштарды патриоттуулукка, жаратмандыкка тарбиялаган, салттуу руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды даңазалаган чыгармаларды жана жетишкендиктерди колдоо.
Мамлекеттик жаштар сыйлыгы адабият, журналистика жана телекөрсөтүү, музыка, көркөм искусство, архитектура жана дизайн, театр жана цирк, кино, илим, билим берүү жана жаңы технологиялар, экономика, бизнес жана меценаттык, спорт, ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым боюнча жалпы 11 номинация боюнча ыйгарылат.
Сынакка 35 жашка чейинки жарандар катыша алышат.
Жеңүүчүлөргө Ч.Т. Айтматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.
Талапкерлерди мамлекеттик органдар, билим берүү, маданият жана спорт мекемелери, чыгармачыл союздар, коммерциялык эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштардын демилгечи топтору көрсөтө алышат. Ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Документтердин катарына сунуштама кат, кыскача өмүр баян, акыркы үч жылдагы сыйлыктардын көчүрмөлөрү, конкурска сунушталган иштин эки беттен ашпаган аннотациясы жана паспорттун көчүрмөсү кирет.
Документтер 2026-жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаарындагы Ж. Абдрахманов көчөсү, 192 дарегинде жайгашкан К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын 3-кабатындагы Иран борборунун кабинетинде кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн: 0550 990 886.