www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Shamal Project VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жарыялады.

Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстан дээрлик удаалаш өтө турган эки ири эл аралык иш-чараны кабыл алат. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөт.

Ага дүйнөнүн 95ке жакын өлкөсүнөн 3 миңден ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Ал эми оюндар аяктагандан кийин, 7–10-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Каркыра жайлоосунда Борбор Азиядагы эң ири ишкердик фестивалдардын бири болгон Shamal Project уюштурулат.

Иш-чарага 5 миңге чейин ишкер, инвестор жана бизнес өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Фестивалдын программасында мамлекеттик органдардын жана ири компаниялардын өкүлдөрүн кошкондо 20дан ашуун баяндамачынын катышуусу каралган.

Уюштуруучулардын белгилешинче, эки ири иш-чаранын удаалаш өткөрүлүшү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чет элдик конокторуна Кыргызстандагы сапарын улантып, Shamal Project фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындай формат өлкөгө кошумча туристтик агымды тартууга, эл аралык медиа көңүлүн күчөтүүгө жана аймактардын экономикасына оң таасирин тийгизүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Ошондой эле мейманканаларга, транспорт кызматтарына, коомдук тамактануу жайларына жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясына болгон суроо-талаптын өсүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстан көчмөн маданиятын сактаган өлкө катары гана эмес, Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан ишкердик борборлорунун бири катары да өзүн таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Последние новости