www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөтБуга чейин бийлик добуш берүүнү акыйкатуюштурууну камсызкылганы мененжарандардын өздобуштарын сатуусубашкы маселеге айланыптуратИслам дининдешайлоого кандай мамилекылуу керекдобушунсаткан туурабы дегенсуроолорго белгилүү динаалымы Чубак ажыЖалилов 16-июнда мечиттердин биринде өткөн сабагында жооп берген экенБиз анын айткандарын кагаз бетине түшүрдүк. 15-октябрда өлкөбүздө президенттик шайлоо өтөтБул шайлоого жашы жеткен адамдын баары катышатШариаттажарандардын шайлоого катышуу өкүмү кандайКепти ушул боюнча баштайлы.

Бизде кечке кой кайтарып жүрүп келип, добуш берип кое берет. Шайлоого ким катышып жатканын билбей туруп деле катыша берет. Жоопкерчиликти сезбей туруп деле өз добушун берип кое берет. Чындыгында шариатта бул маселе кандай?Баары жогорку билимдүү болуп кетет деген деле туура эмес. Бизде ар кандай адамдар бар. Бирөөсү мектепти бүтсө, дагы биринин 8-класстык билими бар болсо, дагы бири университетти бүткөн ыктымалдуулугу бар. Демек, болуп жаткан шайлоонун маани-маңызын баары эле так түшүнө бербөөсү мүмкүн.  Шариатыбыз боюнча шайлоочу аалым болушу шарт эмес. Ошондой эле чоң адис болушу деле шарт эмес. Ошол эле учурда ошол шайлоочу өзү шайлап жаткан бийликтин маңызын билиши шарт. Президенттик, парламенттик же башка шайлоо өтүп жатса эмнеге шайлап жатканын аңдап түшүнүшү керек? Президент деген ким? Президент деген 6 жыл бою сени башкара турган адам. Сени жетелей турган адам. Азыркы Конституция боюнча элчилерди кабыл алат, күч түзүмдөрүн карайт, тил менен динди карайт. Ал эми калган экономикалык өнүгүүгө премьер-министр жооп берет. Ошондуктан шайлоонун маанисин билсе добуш бере турган адамын тандап алат. Президент деген ким, ал эмне иш аткарат экенин билбегендер да бар.

Адам шайлоодо кимге добуш бере турганын билбесе күнөөкөр болот

—Президенттик шайлоодо 3-4 адам же он чакты адам чыгып жаткан болсо ошолордун арасынан кимге добуш бере турганын да билиши керек. Эмнеге жана кимге деген нерсени билиши зарыл. Муну билбесе күнөөкөр болот жана зулумдукка себепкер болуп калат. Шайлап жаткан адам ким экенин билбей туруп, алардын кайсынысы жарактуу экенин билбестен добуш берсе шариатта шайлоочунун толук акысын бербеген болуп эсептелет. Бизде андай эмес. Туура бизде үгүт иштери жүрөт, ар ким өзүн-өзү мактайт. Өзү эместер аны жамандайт. Китептерде президент деген ким деп жазылган, бирок, ал баарына жетпей калат.

Бизде кээ бир адамдар президентти өзү шайлап алып өмүр бою нааразы болуп жүрө берет. Ошону өзүң шайлагансын. Шайлоодо добуш берүүгө катышып жаткан талапкерлер боюнча эмнени билесиң деген тест да болушу керек. 2-3 мүнөттү алган бул тестте шайлоого катышып жаткан адамдын талапкерлер тууралуу маалыматы бар же жогу аныкталат. Ошондуктан ар бир шайлоочунун талапкерлер тууралуу маалыматы болушу керек. Адамдар эч нерсе билбей туруп досу же тууганы үчүн шайлап кете бергени туура эмес. Шайлоону же бийликти оюн көргөндөр бар.

Президенттик деген макам жалпы элдин аталыгы деген сөз. Мына ошол аталыкты билбей туруп добуш берип, туура эмес адам келип калса мамлекетти биз менен кошо уурдап кетип калса, эртең дартыңды кимге айтасың? “Казы зордуктап кетсе кимге арызданасың” деген сөз ошондон келип чыккан экен. Шайлоодо эске алынбаган ушул маселе турат. Демек, адамдарды урматтоо да өтө мааниге ээ болушу керек. Кээ бир мусулман бир туугандар шайлоого барбаш керек, катышпаш керек дейт. Жок, катыша бер, шайлоого бармак түгүл шайлоону туура түшүнүү керек. Туура түшүнүп туура жыйынтык чыгарганда гана шариатка туура боло.

Шайлоо астында кимдин ким экенин алгач билип алышыбыз керек

—Андан кийинки маселе мунтахиб. Мунтахиб дегенибиз шайлоочу адам. 15-октябрда баарыбыз добуш беребиз. Ошонун шарттары кандай болушу керек. Илгерки аалымдарыбыздын учурунда азыркыдай шайлоо болгон эмес. Азыр бутуна тургандын баары эле шайлоого катышып жатат. Илгери акыл-эстүүлөр, мамлекеттин келечеги тууралуу түшүнүгү барлар шайлайт эле. Бүгүнкүдөй дүйнөнүн баары катышкандай шайлоо анда болбойт эле. Жалпы ошол аалымдардын сөзүнөн төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик дейт. Бул жерде алты шартты айтат.

 Анын биринчиси – шайлоочу адам мусулман болушу керек. Эмне үчүн Исламды коюп жатат. Анткени, мусулман болгон адам Кудайдын бар экенин билет дагы берип жаткан добушуңда кыянатчылык болсо эртең кыяматта жооп бересиң дегенди түшүнүп турат. Мусулман адам Кудай көрүп турат деген этихатка ээ. Эгер Кудай көрбөй турат десе ал сени ар кандай алдап коюшу мүмкүн. Анын жанында ар кандай пиарчылары турат жана алар бети-башын боеп, сени оңой эле алдап коет. Намаз окугандай кылып бетине  2 точка, маңдайына бир точка коюп коет. Ошентип, краска менен боеп койсо “ой бул олуя болуп кетиптир” деп ойлойсуң. Ага ушундай сөздөрдү даярдап берет “бул олуя кайда жүрдү экен” деп оозуң ачылат. Аны 2 ай мурда ууру, аферист экенин билчү элең. Ошондуктан шайлоо астында кимдин ким экенин алгач билип алышыбыз керек. Ошол үчүн биз мусулман болсун деп жатабыз. Анткени, мусулман адам акча алуудан уялат. Элдин астында уят болбоюн дейт.

 Экинчиден, мусулман дегенибиз мусулман эмес мусулман мамлекетинде добуш бере турган болсо алар өздөрү каалагандай бирөөгө добуш берет. Мисалы, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлогон жана ойлобогон адамдар бар. Кыргызстан бүтүн болуп сакталып калышын каалагандар бар, Кыргызстан 5-6га бөлүнүп кетишин каалагандар да бар. Эгерде Кыргызстанды ойлобогон, ушундай мусулман мамлекеттин болбошун каалагандар көбүрөөк добуш бере турган болсо алар шайлаган адам М.Горбачевдой болуп кол коюп, Кыргызстанды таратып жибериши мүмкүн. Демек, шайлоочу мусулман болушу керек. Анткени, ал Кудайдан коркот.

чүнчүдөн, акыл эси болушу керек. Бизде акыл-эси жетишпегендер деле чоң ишке барып калган учурлар кездешет. Мисалы, 10 жыл мурда биздин парламентте бир көзү ачык бар эле. Китептерди жазып, Ысык-Көлгө барып ушинтип жүргөн. Бирок, ошол мыйзам жазып, биздин тагдырды чечип турган. Ошол үчүн шайлоочу өзү акыл-эстүү болушу керек. Анткени, кимди шайлап жатканын билиши керек. Бизде болсо документи жок болсо деле жүздөп жетелеп алып добуш бердиргендер болду. Кээде өтө улгайып калгандардын акылы кирди-чыкты болуп калат. Баарыбызды ошол карылыкка жеткирсин, бирок, аларды колунан кармап кол койдуруп жүргөндөр бар. Бул туура эмес. Демек, шайлоочуда акыл-эстүү деген справкасы да болушу керек. Кээ бир чоңдор бир нерсе болсо, акыл-эси начар деген кагазын алып чыга калат. Булар чоң болгонго болбойт. Буларда “жинди” деген макамы бар. Ошондуктан шайлоочу да, шайланып жаткан адам да акыл-эстүү болушу керек.

—Төртүнчүдөн, шайлоочунун жашы. Мамлекет шайлоочунун жашын 18 деген. Бирок, кээ бир жерде адамдын акыл-эки 18, кээ бир жерде 20да жетилет. Ошол үчүн жаш дагы тактала турган маселе.

—Бешинчи маселе. Бизде президенттик шайлоого катышуу үчүн бериле турган күрөөнү 1 млн. сом деп белгиледи. Ошого каршы чыккандар да болуп жатат. Жок, биздин кыргызга 10 млн. сом коюш керек. Антпесе, катынын бага албагандар ошол жака чыгып алып президент болом деп чыгат. Президенттик кызматка катынын бага алгандар, курсагы ток адамдар чыгышы керек. Мен ушундай түшүнөт элем. Балким бул Европада туура келет. Анткени, ал жакта президент болом деген адам дараметине карап иш кылат. Францияда күрөө 2 миң евро экен. Бизде долларга эсептегенде 14 миң доллар болот экен. Жок, аны 100 миң доллар кылып коюш керек деп айтар элем. Ошону тапканга акылың жеттиби, демек, сенде акыл- эс бар экен деген сөз. Анан оокаты өтпөй калгандын баары чыга берсе жакшы болбой калат.

—Алтынчыдан, жердешчилик, уруучулук кылып добуш бере турган болсо бул адам кыяматта жооп берет

—Эгерде сен пара алып добуш бере турган болсоң болбойт. Бизде бул кадимкидей эле көрүнүш болуп калды. Кээ бирлери күтүп отурат. Айрымдар шайлоо күнү саат 8де барып курсагын тойгузуп, ким канча берет деп күтүп отурат. Кечке чейин курсун көтөрүп, ким көп берсе ошого добуш берет. Ошол пара алгандын баары арам. Алып туруп, жакшысына добуш берем дейсиң, ошол алганың да арам.

Анан жердешчилик маселеси курч. Молдокеси деле, билимдүүсү деле бул менин жердешим дейт. Кайсы бир адам жердешчилик, уруучулук кылып, жалпы кызыкчылыкты тепсеп добуш бере турган болсо бул адам да кыяматта жооп берет.

Анан дагы кээ бир учурда адамдардын айрым катмарларын шайлоо укугунан ажыратуу тууралуу чечим чыкса, буга да шариат жол берет. Бизде канча миңдеген НПО бар экен. Ошолордон эле төрттөн адам чыга турган болсо Ак үйдүн алдына 10 миң адам чогулуп, революция даяр болуп калат экен. Мисалы, аларга акча төлөп берип турат.

Бизде парламентте ун саткан кээ бир депутаттарыбыз бар. Ошолор ун боюнча өздөрүн коргой берет. Дары саткан депутаттар бар, алар да ошону гана колдой берет. Ошондо башка дары, ун саткандардын кызыкчылыгы тебеленип кала берет да.

Сен кандай тамак жеп аткан болсоң, ошол тамагыңа кандай деңгээлде жооп бере турган болсоң берип жаткан добушуңа да дал ошондой жооп бересиң. Арам тамакты жесең кандай күнөөгө бата турган болсоң, добушуңду сатсаң, андан да оор күнөөгө батасың. Арам тамакты жегенде өзүңө гана зыян келтирсең, добушуңду сатканда бүтүндөй мамлекеттин келечегине, анын ичинде өзүңдүн бала-чакаңдын келечегине да зыян келтирген болуп эсептелесиң. Күнүмдүк акчага, жердешчиликке азгырылбашың керек. Ошондуктан шайлоодо абдан ойлонуп добуш бериш керек. Мен барбасам деле бул чечилип калган деген туура эмес.

Каныбек Кадыралиев
Булак: «Мантыш»

Последние новости