www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чубактын чуусунан кийинки көз караш...

Элге аттын кашкасындай таанымал, айткан дегендери жугумдуу, дин жаатындагылардын эң билимдүүлөрүнүн бири, кадыры менен даңкы тең келаткан белгилүү аалым Чубак ажынын соопчулук кыла коём деп экинчи аял алышы бир топ чуулгандуу окуялардын бирине айланып, аягына дале чекит коюлбай келаткандай.

Мындайынан караганда бул жаңылык деле эмес эле. Буга чейин эле кыргыздарда шарият боюнча төртөөнү албаса да, ар кандай себептер менен экинчи аял же токол алып келишкен. Аталарынын же чоң аталарынын эки аялы болуп, алар ынтымактуу жашашып, алардан таркагандар азыр бир айыл же бир колхоз болдук деп мактангандарды четтен тапсак болот. Учурда деле белгилүү адамдардын экинчи, үчүнчү аялы бар экенин элдин баары билип, эч ким кыйкырык чуу салбай эле, кадыресе көрүнүштөй кабыл алынып жүрөт. Чубак ажы деле ошолордун бири катарындамын го деп ойлосо керек, жашырбай бардык нерсени ачык айтып коймой адатына салып жарыя кылып алып, өзү да күтпөгөн чууга кабылды. Мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткансып депутаттардан бери маселе козгоп жиберишти. Чубак ажынын топурагы жеңилби же учурдан пайдаланып, Чубак ажынын кадырын төмөндөткүсү келгендердин аракетиби, айтор, мунун артында жоопсуз суроолор калды.

Бул жагы ушул боюнча тура турсун, биз башка өңүтүн карап көрөлү. Өзүнүн акылы мененби же бирөөлөрдүн демитмеси мененби, айтор, туруп-туруп эле тура калып бирде арызын жазып, бирде журналисттер менен барып ызы-чуу чыгара коюп биринчи аялы ич күйдүсүн баса албай жатат окшойт. Албетте аны түшүнсө болот, эр бермек жан бермек менен барабар дейт. Бирок, болоору болуп, боёосу канып калган нерсени кайра-кайра козгоп, унутулуп баратканда кайра жаңыртып, биринчиден күйөөсүнүн кадырын түшүрсө, экинчиден өзүнөн көңүлүн калтыртып жатканын түшүнүп жатат болду бекен? Башында баары Чубак ажыны күнөөлөп жатышса, улам чыгарган ызы-чуусунан эл арасында бул аялдын бир мандеми бар бейм, башка аял алганга жеткирген окшойт деген пикирлер туула баштады. Эрдин жүзү бурулгуча, жердин жүзү бурулсун дегендей ажынын жүзү бурула турган себептери эмнеде болду экен? Азыр көпчүлүк Чубак ажыга эмес, чууну чуулдатып аткан биринчи аялынын кимдигине кызыкдар боло башташты. “Эрди эр кылган да аял, жер кылган да аял, ушул аялдын ордунда мен болсом: “мен уруксаат, бергем, ошон үчүн алды” деп элге кайрылуу жасап, эстүү аялдын ишин кылганда, баарынын жаагы жап болот эле дагы, Чубактын сыйына ээ болуп, ажынын да, өзүнүн да кадырын сактап калмак”- деп, фейсбугдан үн каткандар да болду. Ушул аял эмнемден жаздым, эмне ката кетирдим деп, себебин издеп, өзүнө суроо койду бекен? Анын такыбалыгында шек жок болсо керек, бирок, башка жагында мандеми бар көрүнөт, бирөөнүн үйү бирөөгө токой дегендей, аны өздөрү эле билбесе… Неси болсо да, Чубак ажы жигиттик кылып, аялынын абийирин төгүп, ал мындай эле, тигиндей эле деп актанып же доомат койбоду, ошонусу менен анын кадыры дагы жогорулады. Кыйшык кимде экенин окуянын жүрүшүнөн эл өзү баамдап алды окшойт.

Экинчи аял ала коём деп, Чубактын баркы басаңдай түштү дегендер чоң жаңылышты. Анын билимине, илимине, шарият жолундагы тактыгына, анын көзүнө, мунун көзүнө карабай ачык, так, адилдигине эл суусап, ар бир жолугуушусун, ар бир лекциясын калтырбай артынан ээрчип угуп жүрүшөт. Элдин мүдөөсүн канааттандырып, дин жолун туура түшүндүрүп, туура багыт берүү жаатында тынымсыз изденип, ак эмгегин өтөп жатат. Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Чубак ажыга ак жол каалайбыз!

З. Ажыматова

Булак: "Ачык сөз" 

Последние новости