www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун аймагында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктоо максатында комплекстүү “Арсенал” аталышындагы рейд иш-чарасы 2020-жылдын 27-январынан 27-февраль күнүнө чейин болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Рейд иш-чарасын өткөрүүгө Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензияга уруксаат берүү кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринен жалпысынан 360 кызматкер иш алып барышкан.
Иш-чарада 3637 аңчылык менен алектенүүчү жарандар, 792 газ-травматикалык куралынын ээлери, белек катары тапшырылган 5 ок атуучу куралдын ээлери ошондой эле 1 жеке күзөт агенттиктеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Рейд учурунда курал-жарак сактоонун жана каттоонун эрежелерин бузган 158 жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 84-85-беренелери боюнча протоколдор толтурулуп, жалпы 56 миң сом айып пул салынды.
Иш-чара учурунда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча 13 факты аныкталып, 10 ок атуучу курал-жарак жана 118 даана ок-дарылар алынган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 254-беренеси (Куралды мыйзамсыз даярдоо) боюнча 4 факты аныкталып, 4 ок атуучу курал жарак жана 38 даана ок-дарылар алынган.
Чүй облусунун ИИОнун лицензияга уруксат берүү кызматкерлери тарабынан газ-травматтык үлгүдөгү куралдарды кайрадан каттоо иштери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Курал жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине ылайык газ-травматтык куралдарды сактоо үчүн гана кайрадан катталат.
Булак: NazarNews.kg