www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталды.

Чүй ОИИББдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун аймагындагы ишканалардын биринде Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган. Алар 1996-жылы туулган Д.Н., 1988-жылы туулган Х.Д., 1997-жылы туулган Р.Т. жана 1972-жылы туулган Х.М. Териштирүү учурунда аталган жарандар ишкананын ичинде жатып иштешкени аныкталган.

Чогултулган материалдар УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости