Садыр Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат
Расмий кабарлар  |   |  1301

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Баткен облусунда мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями