www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз милициясы терең урматтоо менен окуган “Майдан kg” газетасы эмне себептен так аныкталбаган маалыматтарды жарыялап жибергендиги белгисиз, демейде тактап жазышчу эле. Редакция менен байланышууга мүмкүн болбоду, байланыш каражаттары өчүрүлгөн. Аталган газетада Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын батальонунун башчысы Нурбек Салымбаев деген ички иштер министри К. Жунушалиевдин “үкаси”, Бишкек ШИИББнын башчысы Канат Жумагазиевдин “досу” МАИ тармагын майкаңдап жатат деген материал жарыяланган.
Тактап айтып кое турган маселе Нурбек Салымбаев ИИМ министри К. Жунушалиевдин “Майдан kg” айткандай “үкасы” да эмес, таанышы да эмес жана анын ким экенин билбейт да, тааныбайт. Эч кандай туугандык да, кызматтык да байланыш эч качан болгон эмес, кыргызча айтканда “кайнаса каны кошулбайт” дегендей эле кеп. Министрдин атына жамынып жана анын наамына шек келтирген жалган маалыматты таратууга кимдер кызыкдар экендиги да текшерүүгө алынууда. Бишкек ШИИББнын башчысы Канат Жумагазиевдин “досу” да эмес. Андан сырткары аталган макалада айтылгандар боюнча учурда ички иликтөөлөр кызматы териштирүү жүргүзүүдө. Макалада айтылган жагдайлар текшерүүгө алынат, эгерде андагы фактылар аныктала турган болсо, сөзсүз түрдө жоопкерчилик карала тургандыгын баса белгилейбиз.
Булак: NazarNews.kg