www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы мүчөсү Асел Төлөмүшовага буга чейин “Алдамчылык” беренеси менен төрт эпизод боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын үч эпизоду боюнча кылмыш иши токтотулгандыгы белгилүү болду.

Мындан мурун Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне төрт жаран кайрылып, Асел Төлөмүшова аттуу айым алардан алдамчылык жолу менен 6 миң АКШ доллардан 57 миң долларга чейинки суммага ээлик кылып алгандыгы боюнча арыз жазышкан. Кийинчерээк тергөө кызматы тарабынан 1975-жылы туулган Төлөмүшовага “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталуучу камакка алынган. Көп өтпөй, ал үй камагына чыгарылган болчу. Эми жакында белгилүү болгондой, Төлөмүшовага карата арыз жазган үч жаран кайра тосмо арыз жазып беришиптир. Ошону менен үч эпизод боюнча кылмыш иши токтотулуп, учурда бир гана эпизод боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости