www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө коронавирустан улам той-аштарга чектөө күчөтүлдү

Чүй облусунда COVID-19га каршы чаралар күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Маматова билдирди.

Анын айтымында, кафе менен ресторандарда бир эле учурда 50дөн ашык адам чогулбашы керек.

"Чектөөлөр буга чейин деле бар болчу, бирок аны эч ким сактаган жок. Мындан ары Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл органы менен милиция кызматкерлери тез-тезден рейд жүргүзүп турушат. Эреже бузгандарга айып салынат", — деди Маматова.

Ал ошондой эле коронавирустун жайылышынан улам Жайыл районунун акимиаты карантинге жабылганын кошумчалады. Акыркы сутка ичиндеги статистика боюнча Чүйдө 141 адамдан COVID табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости