www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын “ЛДПР” партиясынын лидери Владимир Жириновский Нурсултан Назарбаев менен жердеш экендигин айтып чыкты. Ал өзүнүн партиясынын маалымат жыйынында сөз сүйлөп жатып, Казакстандын мурдагы президенти туурасында буларга токтолду:

“Нурсултан Назарбаевдин тирүү экендигине кубанычтабыз жана ден-соолугу жакшы деген үмүттөбүз. Ал менин эки түрдүү жердешим. Бир эле Алматы облусунда эмес, Казакстандын бардык аймагындагы кум астында жаткан жердештерибиз бар. Назарбаев төрөлгөн жерден Волковский көп жол жүргөн жана ал Алматыдагы жашыл базарына барганды жакшы көрчү, башкача айтканда, жалпылыгы көп. 

Тирүү болсо бул жакшы, бирок ал эмне үчүн 10 күнгө чейин элге кайрылган жок? Ал абдан таасирдүү, бийликчил “Нур Отан” партиясынын лидери. 
Ошол себептүү ал 2-яндарда эле элге чыгып, суроо-талаптарын укса болмок. Чынында ал жеңүүчү тарапка кошулууну күтүп жаткан, анан президент Токаевдин бийликте калышын күткөн.
Бул мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети айрым чет элдик күчтөрдүн же казак оппозия лидерлеринин көрсөтмөсү менен уюштуруу болду. Мындай массалык тоноо иштерин уюштуруу Киевде да болгон эмес. 

Мисалы, Тбилисте (Грузия), Бишкекте (Кыргызстан), Дүйшөнбүдө (Тажикстан), Ташкентте (Өзбекстан) болгон көтөрүлүштөрдө ачык эле эки тараптын бирөөсү жеңишке жетишкен. Бул жерде эч ким жеңген жок. Митингге чыккандардын регламенти да, программасы да, урааны да жок. 
Тагырагы алардын жетекчиси болгон жок. Ошол себептүү Токаев бийликтеги ордунда калды”, - деди Жириновский.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости