www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-январда, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы боюнча пикирин билдирди.

«Өткөндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду көчөдөн алып келдиңер, эч кандай адистиги жок болчу. Суудан таза, сүттөн ак деп абдан мактадыңар. Айга, Күнгө теңедиңер. Бүгүнкү күндө коррупцияга шектелип отурат. Эдил Жолдубаевич, ал жалгыз жасай албайт, чынжырланып мындан ары кетет», - деди Токторбаев.

Эске салсак, атайын кызмат Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап, 17-январда кармаган. Кубанычбековдун бөгөт чарасы 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аныкталат деп күтүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости