www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-апрелде саат 20:47 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районунун Арашан айылында жайгашкан постто белгисиз адамдар бир нече ок атып, белгисиз тарапка качып кетишкендиги боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барышкан.

2020-жылдын 18-апрелинде саат 14:30 чамасында белгисиз 9-10 адам пост аркылуу бир нече квадрацикл менен  айдап өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Жергиликтүү тургундар, ыктыярдуу кызматчылар айылдардын ортосундагы посттордо аларды өткөрүп жиберишпегендигине байланыштуу, жогорудагы адамдар чыр-чатакты жаратып, бир нече жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Жергиликтүү тургун ал белгисиз адамдарга мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Аталган факты Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) беренеси боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши башталып жана тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости