www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук милиция башчысынын орун басарлары дайындалды. Бүгүн ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков облустук башкармалыктын жеке курамына орун басарлар Бактыбек Нарчаевди, Айбек Ажыбаевди жана облустук Криминалдык милиция кызматынын башчысы Айбек Осмоналиевди тааныштырды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Бактыбек Нарчаев 42 жашта, буга чейин Чүйдүн Криминалдык милиция кызматын башкарып турган.

Айбек Ажыбаев 47 жашта. Азыркы кызматка келгенге чейин Бишкек милициясынын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайынын башчысы болуп иштеген.

Ал эми 39 жаштагы Айбек Осмоналиев ИИМдин кылмышкерлерди издөө башкармалыгын жетектеген.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев менен кошо 4-июнда иштен алынды. Мындан тышкары Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулган.

Кызматтык иликтөөдөн кийин жалпысынан 23 адам жазаланды, алардын 13ү бошотулду.

Өткөн аптада Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызын ала качып баратып кармалган киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду, аны атайын кызматтын райондук бөлүмү тергеп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости