www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун сөзүнө таянып, РИА Новости жазып чыкты.

Тедрос Адханом: "Жакынкы күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал", - деп эскертти.

Белгилей кетсек, пандемия (грек тилинен πανδημία — бүтүндөй эл) — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөнүн, континенттин калкына массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Пандемиялык таралууга инкубациялык (жашыруун) мезгили кыска, аба аркылуу тез таралуучу жугуштуу оорулар мүнөздүү (мисалы, грипп, холера).

Эске сала кетсек, 11-марттагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирусту 114 миңден ашык адам жуктуруп, анын көбү сакайды (65 762). Ал эми каза тапкандардын саны 4 284кө жетти.

Илдет көп катталган өлкөлөр Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Франция болууда.

Оору алгач декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин айтышкан. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости