www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыңыздарга белгилүү болгондой Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин демилгеси менен 2017-жылдын 17- май күнү баардык облустарда, 23-май күнү Бишкек шаарында Жалпы Улуттук Курултай болуп өттү.

Аталган Курултайга аймактардан келген делегеттар гана чыгып сүйлөдү. Күн тартибинде; 1.Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдигинин уюмдашуу жыйынында кабыл алынган чечимдер жөнүндө жана кыргыз паспортунда “Улуту” деген графанын ачык, так жазылышын талап кылуу жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Тилекке каршы болуп өткөн Курултайда айрымдар кыргыздын паспортундагы жазылбай калган графаны айтпай эле өздөрүнүн партиясын «реклама» кылып сүйлөгөндөрү бир чети таң калтырса, бир чети кыжырыңды келтирет экен. Алардын бири баягы эле алжыган Турсунбек Акун, улам эле Курултайда, сахнада туруп алып КДКсын мактанат. 

-Урматтуу Турсунбек Акун Сизге, паспорттон дагы КДК партияңыз маанилүүбү?  Сиздин КДК партияңыздын кимге кереги бар? Патриот болсоңуз, жок дегенде паспортттогу улуту деген көйгөйлүү жана кайгылуу маселени бир жолу ооз учу менен болсо дагы айтып койсоңуз болот беле?– деген суроо узаткым келди.

Баса, бүгүн 26-майда Турсунбек Акун өзүн, "президенттикке талапкерлигин коёмун" деп жарыя кылышы мүмкүн. Мындай «мультик» президенттикке талапкерлер эми четтен чыга баштайт го чиркин…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости