www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 1-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө. Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн  Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды. 

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолук болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарлыдыгын эскертет. 

Ошондой эле республикалык штаб жарандарды ар кандай сөздөргө эмес, тармактык мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырат. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджер аркылуу тараткандарга катаал чаралар көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости