www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-сентябрда, бир катар жергиликтүү ЖМКлар Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетип жатканын, себебин Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белдирерин жазып чыгышты.

Улуттук банктын маалымат кызматы Абдыгулов бүгүн кызмат ордунда экенин, андан башка комментарий бербей турганын билдирди.

Ал эми КР президентинин маалымат кызматынан Улуттук банктын төрагасын кызматтан бошотуу процедурасы Жогорку Кеңеш акылуу ишке ашарын айтышты.

Жогорку Кеңештин сайтында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны бүгүн болору жазылган. Ага чакырыландардын тизмесинде Толкунбек Абдыгулов дагы бар (депутат Самат Ибраевдин мыйзам долбоору боюнча).

Жогорку Кеңештин аталган комитетинин мүчөсү Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына "Улуттук банкта төрага алмашат. Ал эми комитет бүгүн чогулбайт" деп жазды.

Эске салсак, Абдыгулов Улуттук банкты алгачкы ирет 2014-2017-жылдар аралыгында башкарган. Андан соң бир нече ай өкмөттө иштеген. Тагыраагы, биринчи вице-премьер, кийин вице-премьер болгон. Андан соң кайрадан Улуттук банкка кайтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости