www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кирени 15 сомго көтөрүү маселеси каралууда

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттун жол кире акысын көбөйтүү боюнча токтом долбоорун карап жатат.

Долбоорду вице-мэр Талайбек Орозов сунуштаган.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан бери жүргүнчүлөр маршруткага 10 сом төлөйт. Ал эми муниципалдык транспорттор 8 сом алат.

Мэрия жазында үч вариант сунуштаган. Алар:

Бааны кандай болсо, ошондой калтыруу;

Муниципалдык транспорттогу бааны 11 сомго, калган жеке менчик фирмалардын кичи автобустарындагы бааны 15 сомго жогорулатуу;

Автобустун жол киресин 15 сомго, троллейбустукун 11 сомго, ал эми маршрутка акысын 19 сомго көбөйтүү.

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Ушундай эле көрүнүш январь айында да болгон. Муниципалитет маршрутканын жол киресин 15 сомго, ал эми автобус, троллейбустагы акыны 11 сомго көтөрүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости