www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКга кайрылган жаран Ысык-Көлдүн аймагындагы жер тилкесин каттоо маселесине байланыштуу Ысык-Көл облустук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысына чара көрүүнү суранган.

«Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, анын алкагында Ысык-Көл облустук мамлекеттик каттоо кызматынын жогорку кызматкерлери менен жеке ишкерлердин кылмыштуу системасы аныкталды. Жеке пансионатка ээ болуу үчүн жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди жогорку кызматтагы адамдын менчигине каттоого мажбур болушкан», - деп айтылат УКМКнын бүгүн, 28-сентябрдагы билдирүүсүндө.

2021-жылдын 28-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облустук мамлекеттик каттоо кызматынын директору А.Н., анын кол алдында иштеген К.Н., ошондой эле жеке ишкер У.Б. кармалып, УКМКга убактылуу камакка алынган.

«Тергөөдө жер тилкелери менен болгон бүтүмдөрдү аткаруу учурунда Ысык-Көл облустук мамкаттоодогу коррупциянын системалык көрүнүштөрү боюнча маалыматтар табылды. Алар сотко чейинки өндүрүш учурунда текшерилет жана ал аяктагандан кийин баарына юридикалык баа берилет», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости