www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
"Орусия тараптын үзгүлтүксүз аба каттамдарына коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубаттайм. Аны менен катар Орусияга автоунаа жана темир жол аркылуу кирүү маселесин кароону сунуштайм. Кыргызстан туристтер үчүн ачык жана чектөөлөрдүн алынышы эки өлкөнүн ортосундагы чоң туристтик потенциалды ишке ашырууга шарт түзөт", — деди Айдарбеков.
Мындан тышкары, депутат кыргызстандыктар үчүн миграциялык талаптарды жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, 2022-жылы кезектеги "миграциялык мунапысты" өткөрүү жана Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.
Өз кезегинде элчи Орусия Кыргызстан менен көп тармактуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдай берерин баса белгилеген.
Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда туруктуу байланыштарды түзүү зарылчылыгы айтылды. Ошондой эле тараптар кыргыз-орус парламенттер аралык комиссиясынын жыйынын, парламенттик достук топторунун отурумун жана Кыргызстанда тиешелүү комитеттердин биргелешкен жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg