www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы Колин Виксен Килапиле Кыргызстандын элин Кумтөр кени боюнча КР менен Centerra Gold Inc. ортосунда тынчтык келишимине кол коюлушу менен куттуктады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ өлкөнүн Нью-Йорктогу БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Келапиле менен жолуккан. Экономикалык жана социалдык кеңеш БУУнун уставдык органдарынын бири болуп санала турганы белгиленет.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Келапиле өлкөнү жана кыргыз элин Кумтөр кени боюнча Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. ортосунда тынчтык келишимин түзгөнү, бул маселенин эл аралык укуктун алкагында чечилиши менен куттуктады", — деп жазылган маалыматта.

Келапиле талаштын тынчтык жолу менен чечилгени инвестициялык климатты камсыз кылууда, ошондой эле БУУнун 2030-жылга карата Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө оң таасир этерин белгилеген.

Мындан сырткары, ал Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирген.

Эске салсак, 4-апрель күнү президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салган. Андан кийин Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы "Кыргыз алтын" ишканасындагы бизнес-активдерин сатууга макулдугун бергенин жана өлкөдөн кетерин жарыя кылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости