www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Маалымат боюнча, тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат.

Тинтүү иштери Айдарбековго тиешелүү бир катар иштерге байланыштуу болушу мүмкүн. 

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 10-мартында БШК Ички иштер министрлигине (ИИМ) Чыңгыз Айдарбековго сот тарабынан жаза берилгенби же жокпу деген маалыматкат берүүнү өтүнгөн. ИИМ БШКга Чыңгыз Айдарбековдун соттуулугу жок экенин билдирген кат жөнөткөн.

10-мартта Кубанычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна мандат добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган. Айдарбековдун өкүлү ИИМ Чыңгыз Айдрабековдун соттуулугу жок деген маалымат жөнөткөнүн билдирди.

Последние новости