www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы Женева же Исламабад шаарында өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, тараптар кийинки жолугушууну Пакистандын борборунда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Ошол эле учурда АКШ администрациясынын өкүлдөрү Женева шаарын да мүмкүн болгон жолугушуу жайы катары аташууда.

Азырынча АКШ менен Иран өкүлдөрүнүн жолугушуусунун так убактысы жана жери аныктала элек. Бирок жаңы айлампа 16-апрелде өтүшү мүмкүн экени айтылууда. 21-апрелде ок атышууну токтотуу мөөнөтү аяктаарына байланыштуу, эки тарап кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө кайтуу үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөтүштү.

Расмий Исламабад Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин түз көрсөтмөсү менен эки тарап менен түз байланыштарды жүргүзүүдө. Мурдагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу жыйынтык болбосо да, ортомчулар этият оптимизмин сактап жатышат.

Аймактык өкүлдөрдүн бири: “Эшик али жабылган жок, эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантууда”, — деп билдирди.

Последние новости