www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ормуз кысыгынан өтүү үчүн эч бир өлкө акы төлөбөшү керек жана эч кандай тоскоолдуктар жаралбашы зарыл.
Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан айтты. Ал Ормуз кысыгы эл аралык соода үчүн ачык бойдон калышы керек экенин белгиледи.
Фидан Түркия бул кысык тынч жол менен гана ачык болушун жактай турганын баса белгиледи:
- Эл аралык куралдуу күчтөрдүн кийлигишүүсү олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, -деди ал.
Министр ошондой эле “согуштан кийинки мезгилде бул өлкөлөр Түркия менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар”, -деп белгилеп, Перс булуңундагы өлкөлөр Түркиянын коргонуу өнөр жайынын маанисин жакшыраак түшүнө баштаганын айтты.