www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Визир Хан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-пакистан кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде визаларды тариздөө жана визалык-миграциялык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлө турган иштердин алкагында ыкчам координацияга  өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар активдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, консулдук тармактагы эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого даярдыгын ырасташты.

Последние новости