www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мандатын тапшырып, коррупциялык ишке айыпталып камалган Кубанычбек Конгантиевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты болуп келе турган Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча кийинки кезектеги көп добуш алган Чыңгыз Айдарбековго эмне себептен мандат берилбей жатканынын себеби айкын болду. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев учурда талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын айтты. Ал эми ИИМ азыркыга дейре маалымат бере элек экен. Айдарбеков өзү бул жагдай боюнча үн ката элек. 

Белгилей кетсек, БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 18-мартта башка бошогон орундар үчүн мандат тапшыруу учурунда Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, ал өзүнчө караларын айткан.

Последние новости