www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз улуттук “Манас” театрынын көрүнүктүү актеру, театр жана кино өнөрүнүн чебери, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун мүчөсү Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Анын сахнада жараткан ар бир образы терең мазмуну, чыныгы чеберчилиги менен айырмаланып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жетип, унутулгус таасир калтырчу.

Ал кыргыз маданиятына зор салым кошуп, улуттук театр өнөрүнүн өнүгүшүнө өмүрүн арнаган инсандардын бири эле. Анын таланты, эмгеги жана адамдык асыл сапаттары элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Бул оор жоготуу кыргыз маданияты үчүн чоң кайгы. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы маданият өкүлдөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Маркумду узатуу зыйнаты 26-мартта саат 11:00до Кыргыз драма театрында өтөт.

Последние новости