www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды.

Атап айтканда, Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланып, жыйынтыгында аталган эмгектин структурасы жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Ошондой эле кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.

Кеңешменин алкагында маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелери да өзгөчө көңүл борборунда болду. Бишкек шаарынын аймагында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.

Последние новости