www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин жашоомдо эстен чыккыс бактылуу күндөрдүн бири сүйүүгө жолуккан күн эле. Бирок биз бири-бирибизди атайын издеген жокпуз. Биз күтүүсүздөн жолуктук. Бул тагдырдын буюрган сыйлыгы деп да ойлойм. Ал турмушума жарык чачкан, кыргыз искусствосунун жылдызы Бүбүраса Бейшеналиева болгон.

***

Элүүнчү жылдардын аягы. Москвадагы лит.институтту бүткөн кезим. Бир күнү ошондогу Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары Т.Усубалиев чакырды. Барсам делегация менен кошо Ленинградга учуумду талап кылды. Опера жана балет театрынын тобу менен кошо Ленинградга келдик. "Ленфильм" "Чолпон" фильм балетин тартып жаткан экен. Фильмде башкы каарманды аткаруучу Бүбүсара Бейшеналиева менен тааныштым. Кийин ойлонсом ошондо тагдырга жазган таалайыма жолукканымды түшүнгөм.

***

Мурда бири-бирибизди сырттан укканыбыз менен жакындан тааныш эмес болчубуз. Бири-бирибизге болгон симпатиябыз артып, тез эле тартыла бердик. Аны сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Мурдараак жолукпаганыбызга таңдандык.

***

Эки-үч күндөн кийин Москвага келдим. Көп өтпөй Бүбүсара келип калды. Москва мейманканасында бир күн, бир түн болдук. Бул жандүйнөмдүн байышынын унутулгус учуру эле. Бир-бирибизди кыялбай кайра-кайра коштоштук. Андан соң, Ленинградга кайра жеткирип бардым. Ал мени кайра Москвага жеткирип барам деди. Мен болгон жокмун. Ошол учурдан тартып Бүбүсаранын өмүрүнүн акырына чейинки он төрт жыл ичинде жүрөктө тутанган жалын өчкөн жок.

***

Кээ бирөөндө суроо туулушу мүмкүн. "Миң бир түн" жомогундай болгон бул экөө неге тагдырын кошуп жашашпады экен дегендей. Ал жөнүндө сөз баштаганымда Бүбүсара теманы башкага буруп жиберчү. Ага шашылбоону эскертчү.

***

Бир жолу Бүбүсара экөөбүз Москвадан тез жүрүүчү "Москва-Алмата" поезди менен Фрунзени көздөй жол тарттык. Ыңгайлуу эки кишилик купе. Телефон жана башка менен эч ким тынчтыкты бузбайт. Мындагы үч күн, үч түн түгөнбөс жомоктогудай өттү. Жашоодо көргөн билгенибизди айтып, кызык баарлашуубуз өзүнчө эле кылымга тете учур болду. Эч кимге айтылбаган, катылган ички сырлар ачылды.

***

Кайсы бир гастролдон ооруп келди. Көкүрөгүндө зыяндуу шишик бар дешти врачтар. Бир жарым жыл оорунун азабын тартты. Бул түшүндүрүп бералгыс азап болгон.

***

Күн өткөн сайын Бүбүсара ал-күчүнөн тая берди. Жаткан төшөгүнөн өзү туралбай баратты. Тез өзгөрдү. Жайнап турган көзү ичине кирип, киртийип алсыз тунжурап турчу. Ошондо түшүндүм, анын дарты айыкпас дарт экенин.. Ишимде тынч отуралчу эмесмин, оорукананы тегеректеп жүрчүмүн.

***

Мен келгенде анын алсыз жылмаюусу албетте жүрөктү тызылдатып туруучу.. Анын акыркы минуталары да жүрөгүмдө “ангел-хранитель” сыяктуу сакталууда - деп жазган дүйнөнү багындырган улуу жазуучу.

Акын, Бердибек Жамгырчиевдин социалдык тармагынан алынды

Последние новости