www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун казак, тажик жана түркмөн кызматтарынын орус тилиндеги сайттарын тыюу салынган веб-сайттардын тизмесине кошту. Мындай чектөө 26-марттан тарта күчүнө киргенин орусиялык көз карандысыз "Медиазона" маалымат сайты "Роскомсвобода" укук коргоо долбооруна шилтеме кылып билдирди.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда же орус тилинде иш алып барган "Медиазона" сыяктуу бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун бир нече редакциясынын, Би-би-си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Орусия армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус бийлиги маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу "жалган маалымат" тараткандар кылмыш жообуна тартылат.

Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон. Орус бийлиги Инстаграм сыяктуу айрым социалдык тармактарга да өз аймагында тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости