www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын башчысы, генерал Кирилл Буданов Орусия Украинаны экиге бөлүүнү көздөп жатканын айтты. Анын мындай билдирүүсүн Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 27-мартта жарыялады.

Анда Буданов орус президенти Владимир Путин Киевдин айланасындагы ийгиликсиз чабуулдарынан жана борбордук бийликти кулатуу боюнча натыйжасыз аракеттеринен кийин багытын өзгөртүп, Украинанын түштүгү менен чыгышына басым жасай баштаганын, Москва «Корея сценарийин» Украинада ишке ашырууну караштырып жатканын белгилеген.

«Башкача айтканда, ал биздин өлкөнүн оккупацияланбаган жана оккупацияланган аймактарынын ортосунда бөлүштүрүү линиясын таңуулоого аракет кылат. Иш жүзүндө бул Украинада Түндүк жана Түштүк Кореяны түзүү аракети. Анткени ал мамлекеттин баарын басып алууга алы келбейт», - деп айтты генерал.

Ошондой эле, Буданов Украинанын орус күчтөрү басып алган аймактарында украиндердин партизандык согушу жакын арада баштала турганын да кошумчалады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости