www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлыктар Байденге капа

25-мартта АКШ президенти Джо Байден Орусиянын Украинага басып киришин Кытайдын 1989-жылы Тяньаньмэнь аянтындагы нааразылык акцияларын басуу аракети менен салыштырган. South China Morning Post гезитинин окурмандары Байдендин орунсуз салыштыруусуна капа болушкан.

Джо Байден украиналыктарды Орусияга каршылык көрсөтүүдө эрдик көрсөткөнү үчүн мактап, Тяньаньмэньде мылтык менен танктын алдында турган 30 жаштагы аялды мисалга тартты. «Мына, Тяньаньмэнь аянтында эмне болду дегеним. Бул Тяньаньмэнь аянты», - деген Байден.

Бул макаланын астына комментарий калтырган кытайлар Американын президентин тарыхты билбейт жана Кытай боюнча маалыматтарды дайым бурмалап келет деп айыпташты. Бул жерде алардын айрым комментарийлери:

• Андай болсо АКШнын Жакынкы Чыгышка басып киришин кандай салыштырууга болот? Ал жерде миллиондогон бейкүнөө адам каза болгону мүмкүн. Балким бул америкалык геноциддир?

• Пекинди Украинадагы кырдаалга тартуунун орой аракети.

• Байден бирин экинчисинен айырмалай алабы? Эмне үчүн Кытайды айтып арыздануу керек?

• Байдендин дагы бир чоң катачылыгы же ал Тяньаньмэнь Кытайдын бир бөлүгү катары Украина Орусиянын бир бөлүгү экенине аң-сезимсиз эле ишенеби?

• Ал Украина Орусиянын бир бөлүгү экендигине тан алгандай.

Маалымат үчүн айта кетсек, 1989-жылдын 15-апрелинде Пекинде башталган студенттик тополоң 4-июнда күч менен басылган. Кытай армиясы андан кийин демократиялык реформаларды талап кылган студенттердин нааразылык акцияларын басуу үчүн оор техника колдонгон. Курман болгондордун азыркыга чейин так саны талашта. Расмий маалыматтарга караганда, 200дөн ашуун адам өлүп, 7 миңге жакыны жарадар болгон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Юлдуз Абдурашидова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости