www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев укук коргоо органдарынан социалдык тармактарда Чыңгыз Ажибаевге байланыштуу тарап жаткан маалыматка юридикалык баа берүүнү талап кылды.
Депутат Жороев коомчулукта Ажибаевдин атасынын кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар экени боюнча маалыматтар тарап жатканын белгиледи.
"Маселе коомчулукта активдүү талкууланып жатат. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин депутаттарынын аброюна доо кетирет. Тиешелүү органдар укуктук баа бериши керек деп эсептейм", — деди ал.
Эске сала кетсек, бүгүн, Депутат Чынгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырды.
Ошентип Чыңгыз Ажибаев дагы ээрден тайган кесиптештеринин катарына кошула турган чекке жетти.
Ташиевдин кызматтан алынгандан кийинки саясий чыңалуудан соң Жогорку Кеңештин үч депутаты — Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов өз калоосу менен мандатын тапшырган.