www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн жеринде текшерүүдө Ак-Өргө конушунун аймагындагы Кырк-Кыз көчөсүндө мыйзамсыз иштеп жаткан жай аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалдык аймакта тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз кафе жана тандыр нанын даярдоо жана сатуу жайы жайгаштырылганы белгилүү болду. Объекттин ээлерине буга чейин расмий билдирүүлөр тапшырылып, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы менен бир нече жолу эскертүүлөр берилген.

Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу талаптары аткарылбагандыктан, жайды Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы бузууда. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 200 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат.

Мэрия чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө муниципалдык аймакта соода объекттерин жайгаштырууда жана курулуш иштерин жүргүзүүдө милдеттүү түрдө уруксат берүүчү документтерди алуу зарылдыгын эскертет. Белгиленген талаптарды жана эрежелерди сактоо — мыйзамдуу жана туруктуу ишкердик жүргүзүүнүн негизги шарты болуп саналат.

Последние новости