www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-февралында "Жаштык" аренада Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Муниципалитет жаштардын  ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу  үчүн жаңы  кеңсе бөлүп берди.

Иш-чарага мэр Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

Мэр кыймылдын өкүлдөрүн жаңы кеңсенин ачылышы менен куттуктап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар демилгелерин колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Бул жөн гана кеңсенин ачылышы эмес, бул жаңы идеялардын, демилгелердин жана келечекке болгон ишенимдин эшигинин ачылышы, өлкөбүздүн жаштар саясатынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам десем жаңылышпайм", - деп белгиледи мэр.

Кыргызстан Жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров уюмдун ишмердүүлүгү жана жакынкы аралыкка карата пландары тууралуу презентация жасады.

Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы жаштардын демилгелерине ар тараптуу уюштуруучулук жана институционалдык колдоо көрсөтүүнү уланта берерин баса белгиледи.

«Жаштык Арена» имаратынан кеңсе берилиши — бул мэрия менен жаштар уюмдарынын кызматташуусундагы жаңы кадам. Бул чечим жаштардын пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруусуна жана коомдук иштерге активдүү катышуусуна жакшы шарт түзөт.

 

 

Последние новости