www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен кармалган жарандык активист Чыңгыз Капаров Бишкектеги СИЗО-1ден Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулду. Бул маалыматты Жазаларды аткаруу кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, соттолуучу кулагынын ооруп жатканына арызданган. Текшерүү учурунда анын ириңдүү отити бар экени аныкталып, дарыгер аны ооруканага жаткырууну сунуштаган. Чыңгыз Капаров №31 түзөтүү мекемесинин базасында жайгашкан абак ооруканасына которулду.
Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. Бийлик башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адамды эки айга камаган. Алардын катарында белгилүү саясатчылар жана жарандык активисттер бар.
Булак: NazarNews.kg