www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй- Бишкек кара Кочкорду тартып баратат. Айлананы карайлычы, декабрь айы келип калды. Эшикте жаан, биз күткөн аппак кар жок. Мурун бир гана кара Кочкордо кар жаачу эмес. Жааса да тез эле ээрип кетчү. Ошондуктанбы, кышы боюу Кочкордун малы жайыттан түшчү эмес. Балким Бекболот Талгарбеков сыяктуу айыл чарбасына реформа жүргүзгөн вице-премьерлердин  Кыргызстанга реформа жүргүзүүгө ушул түрткү бергендир. Анткени, ал алдыны көрө билип бары бир кыргыз жери кара Кочкорду тартып кар жаабай кала турганын мурун эле эрте билгендир. Ошондуктан шашып кыргыз дыйкандары мантыгып алсын деп Өзбекстан, Казакстан, Орусия сыяктуу мамлкетттерден биринчи айыл чарбасына реформа жасап жибергендир. Орусияга болсо мейли ал айыл чарбасынан тышкары экономикасы бай өлкө, ал эми Кыргызстан айыл чарбасына таянат эмеспи. Азыркы учурда дайыма ноябрь айы келгени аппак  карга бөлөнгөн Чүйдө да ныпым кар жок. Бул эмне климаттын өзгөрүшү болуп бараткан, жердин улам-улам жылып баратканыбы?

Айыл чарба министрлигинин негизги милдети – бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Быйылкы жыл жаанчыл келип, чарбачылыкка ыңгайлуу болду. Анын үстүнө мамлекет тарабынан айыл чарбасына 26 миллиард сом өлчөмүндөгү эбегейсиз зор каражат бөлүндү. Мындай иш эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Ушундай жагымдуу шарттарга карабай, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун алсыз иштегендигинин кесепетинен элибизди тамак-аш менен камсыз кылуу 30 пайызга гана аткарылды. Ошентип, бизге керектүү азык-түлүктүн 70 пайызы сырттан сатылып келмей болду. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Биздин алтындай жерибизде эмне гана өспөйт? Чайдан башкасынын баарын өзүбүз эле өндүрүп, эч кимдин көзүн карабай, калкыбызды азык-түлүктүн бардык 9 түрү менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар эле.

Анткени 1 миллион 220 миң гектар айдоо жерибиз бар. Анын ичинде түшүмдү жыл сайын мол алуунун кепили болгон 860 миң гектар сугат жери бизге тийешелүү. Ага кошулуп, 7 миллион элибизге 9 миллион гектар берекелүү жайлообуз бар. Азыркы учурда өзүбүздү өзүбүз тамак-аштын 3 түрү менен гана камсыз кыла алабыз. А чындыгында быйылкы жылы анын 5 түрү менен канааттандырсак болмок. Алар: сүт, жашылча, картошка, кумшекер жана суумай. Тилекке каршы, айыл чарба министрлиги кант кызылчасы менен май өсүмдүктөрүн керектөөдөн 2-3 эсе аз септирип, бул жакшы ой ишке ашпай калды. Биз, илимпоздор жана адистер “көбүрөөк сепкиле” деп какшап эле жаттык. Бирок министр ал баалуу сунуштарды көзгө илбей койду. Ушул себептен кумшекер менен суумайдын баасы асманга чыгып, карапайым эл кыйналып турган мезгил. Муну болтурбай коюуга толук мүмкүн эле.

Быйыл «буудайдын түшүмдүүлүгү эки эсе көбөйдү» деп айыл чарба министри көкүрөгүн какканы менен дандын сапаты төмөн болду. Анын негизги себеби, Аскарбек Жаныбеков Орусиядан Кыргызстандын климаттык шартына туура келбеген буудайдын сортторун кымбат баада алып келип, кеңири таратты. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен орчундуу каражат коротулган. Натыйжада, буудайдын дүң жыйымы көтөрүлгөнү менен анын сапаты ылдыйлап кеткен. Эгерде министр ошол 1,5 миллиард сомду өзүбүздүн өлкөбүз чыгарган сорттордун үрөнчүлүк иштерине жумшаганда, биз башка жыйынтыктарга ээ болмокпуз, башкача айтканда, түшүм жакшы болуп, анын сапаты да жогорку деңгээлде турмак. Өзүбүздө өндүрүлгөн уруктардын 1 килограммы 25-30 сомдон ашмак эмес.

Орусиядан алып келинген буудайдын баасы 50 сомго жетип, аны азыр дыйкандар сатып алуудан баш тартышууда. Мындан тышкары, өндүрүлүп алынган азык буудайларын эч жакка сата албай, фермерлер банкротко кабылууда. Буга эми ким жооп берет? Керектөөбүз 600 миң тонна картошка болсо, 1 миллион тоннадан ашык өстүрүлүп, ал дагы аябай арзандап, түшүмдүн алды чирий баштады.

Айыл чарба министрлиги акылсыздык кылып, өндүрүлгөн тамак-ашты карапайым эл кайда жана кандай баада сатарын алдын ала аныктаган эмес. Совет доорундай керек-жарак союзу, заготконтора, түшүмдү сактоочу жайлар жана кайра иштетүүчү мекемелер жок болгондон кийин бул жагынан дыйкандарга түздөнтүз жардам берүүнү терең ойлонуш керек эле да. Тилекке каршы, андай болгон жок. «Кластер» деген жасалма бирикмелерден же болбосо ирилештирилген кооперативдерден да дайын жок. Фермерлердин көз жашын көргөн бийлик табылбады. Натыйжада, алардын ак эмгеги талаага кетүүдө.

“Бизде мөмө-жемиш жетпейт” деп айтып келебиз. Бирок быйыл көлдүк туугандардын момпосуйдай болгон тунук жана сапаттуу өрүктөрү сатылбай жерге төгүлдү. Эми чет мамлекетке алып барып кымбат баада сатууну тим коёлу, жок дегенде өлкө ичинде ошол мөлтүрөгөн мөмө-жемиш менен соода кылууну айыл чарба министрлиги уюштурушу керек эле да. «Башканы коюп, Манасты айт» дегендей, 1,5 миллионго жакын калкы бар Бишкек шаарына Көлдүн өрүгүн алып келүүгө дыйкандарга эч ким жардам кылган жок. Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарын айтпай эле коёюн. Ал жакка жетсе, касиеттүү Ысык-Көлдүн мөмө-жемишин тим эле талап кетишмек. Ушундан улам, “деги эле бизге 11 миң киши иштеген айыл чарба министрлигинин кереги барбы?” деген суроо күн тарбине коюлууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости