www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата учурда "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү", "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" боюнча айыпталып, сот процесси жүрүүдө.
Ошондой эле, анын таасирдүү делген жакын саналган бир катар жетекчи кызматтардагы кадрлары дагы иштен четтетилди. Бирок ушул процесстердин фонунда ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошевдин кызмат ордунда калышы коомчулукта түрдүү суроолорду жаратууда.
Бир кездеги Ташиевдин жан сакчысы Кожошев бүгүнкү кызматында жеке кесипкөйлүгүнүн аркасындабы кармалып турабы же мурдагы саясий байланыштардын таасири дагы эле роль ойноп жатабы? Эгер ал чындап эле күчтүү жетекчи болсо, анда анын ишинин жыйынтыктары, реформалары жана жетишкендиктери кеңири көрсөтүлүшү керек.
Мамлекеттик кызматтагы ар бир жетекчи сыяктуу эле, Чыңгыз Кожошев дагы коомчулуктун суроолоруна жооп берүүгө жана өзүнүн ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга милдеттүү. Анткени жоопсуз калган суроолор ар кандай күмөн саноолордун күчөшүнө алып келет.