www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө өгөй ата баласын бычактаганга шектелип кармалды

Москва районунда 30 жаштагы жаранды бычактоого шектелип анын 66 жаштагы өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-майда Садовое айылындагы үйдө болгон. Алар мас абалында чырдаша кетишип, шектүү өгөй уулун бычак менен көкүрөккө сайган. Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, 66 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.



 

Последние новости