www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында кызматкерлер үчүн заманбап ашкана жана 28 орундуу мейманкана уюштурулуп, эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар иштер аткарылган.
Шаар мэри мекеменин жамаатына ийгиликтерди каалап, жакынкы аралыкта Ош шаарына заманбап электробустар алып келинери күтүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле муниципалдык транспорт тармагын өнүктүрүү, жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу шаар бийлигинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, болжол менен 46 электробус сатып алуу, муниципалдык автотранспорт ишканасынын депосун реконструкциялоо, жаңы троллейбус линиясын куруу жана транспорттук инфраструктураны жанылоо пландалууда.