www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынгыз Айдарбеков жаңы кызматка көрсөтүлдү

Бүгүн, 2-мартта, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына талапкерди карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

«Альянс» парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медербек Алиев жана бир катар депутаттар Ч.Айдарбековдун кесипкөйлүгүн баса белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Ч.Айдарбеков КР Тышкы иштер министри, Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости