www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.
Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, А.Ч.А. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Андан ары А.Ч.А.га аталган берене боюнча айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.