www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербург шаарында улуу калемгер Чынгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу боюнча сунушун берди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, депутат  Аида Исатбек кызы («Ынтымак»). 2013-жылы Санкт-Петербург шаарынан Ш.Руставели проспекти менен Карпинский көчөсүнүн кесилишиндеги 1,7 гектар жер аянты бөлүнүп, «Ч.Айтматов атындагы сквер» деп аталып, бак-дарактар тигилип, расмий катталган.

2015-жылы сквердин расмий ачылышы болуп, мурдагы Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов баштаган делегация катышып, эки тараптын чечими менен жазуучунун эстелигин орнотуу маселеси каралып, чечилген. Бирок ушул 10 жыл убакыттын ичинде эстелик орнотулган жок», - деген эл өкүлү бул маселени тез арада иликтеп, Ч.Айтматовдун эстелигин аталган шаарга орнотуу боюнча ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости