www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи Гүлнара-Клара Саматтын сааты кетерге чукулдап калды

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлгөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Саматтын кызмат ордун кароо боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөндөн кийин маселе министрликте дагы каралган.

Министр Орусияда мигранттар көптүгүнө байланыштуу көйгөйлөр да көптүгүн белгиледи: "Биз элчи Гүлнара-Клара Саматтын ишин өзүбүздө да карап, элчиликке бир катар сунуштарды бергенбиз. Элчи азыр милдеттерин аткарып жатат. Маселе көтөрүлгөндөн кийин элчиликке кошумча алты юрист бердик. Анткени ал жакта кыргызстандык мигранттар, диаспоралар да көп. Ошого жараша иш да көп", - деди Кулубаев.

Элчинин ишине байланыштуу маселе былтыркы курултайда дагы көтөрүлгөн. Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов анда Гүлнара-Клара Саматты сынга алып, ага чара көрүлүшү керектигин айткан. Былтыр августта Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвадагы кыргыз элчилиги уюштурган жолугушууда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости