www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байден Киевге бөлүнгөн акча түгөнүп баратканын билдирип, Конгресстен кошумча каражат бөлүүнү суранууда. Украинанын өзүндө айрым аткаминерлер фронттогу кырдаал туңгуюкка кептелгенин айтып жатышат. Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШ жардамды улантпаса, украиндердин Орусияга утулуп калуу тобокелдиги чоң экенин эскертти.
Владимир Зеленский АКШ сенаторлору менен пландалган онлайн жыйынга катышуудан баш тартканы маалым болду. Зеленский аларга фронттогу кырдаал тууралуу айтып, Киев жардамга канчалык муктаж экенин түшүндүрмөк.
Быйыл сентябрда президент Жо Байдендин администрациясы Украина, Израил, Тайвань жана чек араларды коргоо үчүн бөлүнгөн кошумча 106 миллиард долларлык пакетти жактырып берүүнү суранып, Конгерсске кайрылган. Анын 61 миллиард доллары Украинага каралган эле. Республикачылар менен демократтар бул боюнча орток пикир таба албай убара.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg