www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАС тобунун лидери колго түшкөнү турабы?

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жөөт аскерлери ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвардын үйүн куурчоого алганын билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Абу Ибрагим деген ысым менен дагы таанымал 61 жаштагы Синвар Хан-Юнис шаарында туулган. Ал эки жөөт жоокерин өлтүргөн деген айып менен көп жыл Израил түрмөсүндө отуруп, 2011-жылы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган. Газага кайткандан кийин ХАМАС куралдуу тобун жетектеп баштаган.

Жабалия, Шежай жана Хан-Юнис аймактарында жөөт аскерлери менен хамасчылардын ортосунда айыгышкан кармаштар жүрүүдө. Хан-Юнис шаарынын тургундары бомбалоолордон улам Египет менен чек арага жакын жайгашкан Рафах калаасына качууга аргасыз болушту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости